Аялдарды өлтүрүп, этин жеп... Мексикада жубайлар кармалды

© AFP / EMMANUEL DUNANDБычактар. Архив
Бычактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын үйүнөн өлгөн аялдардын тоңдурулган сөөгү, жүрөктөрү табылган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Мексиканын укук коргоо органдары 20 аялды өлтүрүп, этин тамак-ашка пайдаланган деген шек менен жубайларды кармады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Бардык кылмыштар Мехиконун чет-жакасындагы Экатепеке районунда болгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча эркек киши аялдардын өмүрүнө 2012-жылдан тарта забын болуп келген.

"Шектүү 20 аялга кол салганын айтып, анын 10 учуру боюнча мүнөздөмө берди", — деди штаттын прокурору Алехандро Гомес.

Колуна бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Негедир адамдын этин жегим келди... 90-жылдардагы үрөй учурган кылмыштар
Социалдык тармакта шектүүнүн сурагы жарыяланган, анда эркек киши аны кылмышка түрткөн жагдайлар тууралуу айтып берген. Айыпкердин маалыматында, мындай кадамдарга ал бала кезинде зордуктоого кабылып, кийинчерээк сүйүктүүсүнүн таштап кетишинен улам барган. Шектүү абактан чыккан учурда деле киши өлтүрүүнү уланта берерин, "андан көрө алардын ит-кушка жем болгону жакшы" экенин айткан.

Киши үй-бүлөлүү, тартип сакчылары анын жубайын да колго түшүрүштү. Жубайлардын үйүнөн өлгөн аялдардын тоңдурулган сөөгү, жүрөктөрү табылган. Бийлик аталган бүлө киши этин тамак-ашка пайдаланып, атургай сатканын да айтууда. Шектүүнүн аялы жалгыз бой келиндерди балдардын кийимин арзан баада сатам деп алдап үйгө ээрчитип келип жүргөнү аныкталган. Ал эми Universal порталы  өлтүрүлгөн бир аялдын эки айлык баласын шектүүлөр башка бирөөгө сатып жибергенин, кийин полиция ымыркайдын кайда экенин аныктап чыкканын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0