БУУ дүйнөдөгү табигый кырсыктар канча адамдын өмүрүн алганын эсептеп чыкты

© REUTERS / Adamo Di LoretoИталиянын Аматриче шаарындагы зилзаланын кесепети. Архив
Италиянын Аматриче шаарындагы зилзаланын кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20 жылдын аралыгында жалпы жонунан 7255 ири табигый кырсык катталып, басымдуу бөлүгүн сел жана деңиздеги катуу шамал түзгөн.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө болгон табигый кырсыктардын кесепетинен соңку 20 жылдын ичинде 1,3 миллион адам набыт болду. Бул туурасында БУУнун Табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу башкармалыгынын докладында айтылганын Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Землетрясение в городе Палу в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
10 секундда жок болгон шаар-кыштактар. Индонезиядагы цунаминин видеосу
Маалыматка ылайык, 20 жылдын аралыгында жалпы жонунан 7255 ири табигый кырсык болуп, басымдуу бөлүгүн сел жана деңиздеги катуу шамал түзгөн. Каза болгондордон сырткары, 4,4 миллиард адам жаракат алып, турак-жайынан ажырап, жардамга муктаж болушкан.

Ал эми кырсыктардын айынан материалдык чыгымдар 2,9 триллион долларга жеткени жазылган. Анын ичинен эң көп зыян тарткан деп АКШ (944,8 миллиард), Кытай (492,2 миллиард), Япония (376,3 миллиард) жана Индия (79,5 миллиард) мамлекеттери көрсөтүлгөн. Европа өлкөлөрүндө болсо сел, деңиздеги катуу шамал жана жер титирөөлөр көп катталып, Франция 48,3, Гремания 57,9 жана Италия 56,6 миллиард доллар жоготкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0