16:58 12 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR79.0615
  • RUB1.0513
Адамдын колу. Архив

Британияда өз жанын кыюунун алдын алуучу министрлик пайда болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
46 0 0

Улуу Британияда жыл сайын 4,5 киши өмүрүнө кол салгандыктан атайын мекеме түптөө муктаждыгы келип чыккан.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын премьери Тереза Мэй өмүрүнө кол салуунун алдын алуу министри кызматына Жаклин Дойлс-Прайсты министр кылып дайындады. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Жаңы министрликке 1,8 миллион фунт (2,3 миллион доллар) бөлүнөт. Улуу Британияда жыл сайын 4,5 киши өмүрүнө кол салгандыктан ушул багытта иштей турган мекеме түптөө муктаждыгы келип чыккан. Андан сырткары, 45 жашка чейинки эркектердин арасында өзүн өлтүрүү негизги көйгөй бойдон калып келет.

Белгилей кетсек, быйыл январда премьер Тереза Мэй жалгызчылык министри кызматын түзгөн. Статистикалык маалыматка ылайык, Англиянын 75 жаштан жогорку тургундарынын жарымы жалгыз бой.

Тема боюнча

Британиянын 97 жаштагы канзадасы машина айдап баратканда сүрөткө тартып алышкан
Улуу Британияда эки мурундуу күчүк туулду. Видео
Белгилер:
ден соолук, министр, Тереза Мэй, Улуу Британия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ