Өзү го! Дональд Трамптын "эгизинин" видеосу

© REUTERS / Jonathan ErnstПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары киши АКШ президентине опокшош экенин айтып, таңыркашууда.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Социалдык тармактын америкалык сегментинде АКШ президенти Дональд Трампка окшош кишинин видеосу кызуу талкуу жаратууда.

Күбө Трампка опокшош киши супермаркетте товар карап жатканын тартып алган. 

​Соцтармактын колдонуучулары бул кишинин мимикалары да Америка лидерине окшоштугун жазышууда. Кээ бирлер тамаша иретинде атайын кызматка бул кишини кызматка алууну сунуштады.

"АКШ президенти эмес экенин билиш үчүн бир нече ирет жакшылап кароого туура келди", — деп жазган күбө.

Айрымдар бул президенттин өзү десе, дагы бири Трамптын курсагы мынчалык чоң эмес экенин айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0