11:36 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
2283 0 0

Баалуу ташты ал 34,7 миң долларга саткан.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Улгайган аял АКШнын Арканзас штатынын "Алмазный кратер" улуттук паркында эс алып жүрүп салмагы үч каратка жеткен (0,0006 килограмм) алмаз таап алган. Бул тууралуу Sputnik Молдова жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 71 жаштагы улгайган аял үй-бүлөсү менен паркка эс алганы келип, чөптүн арасынан жылтылдаган бир нерсе байкап, алгач аны айнектин сыныгы экен деп ойлоп аз жерден ыргытып жибере жаздаган.

"Мен ал айнекти ыргытып салайын деп ойлоп, кайра ал аябай кооз болуп жылтылдап жатканынан балдарыма көрсөтүп көрүүнү чечтим. Балам бул жөн эле айнек эмес экенин байкап мага бул табылганы улуттук парктын кызматкерлерине көрсөтүп көрүүнү сунуштады", — деди ал.

Парктын кызматкерлери баалуу ташты кемпир алып келип бергенине таң калышкан. Көрсө ал алмаздын салмагы 2,63 карат болуп, 2018-жылы паркта табылган 256 баалуу таштын ичинен эң ириси экен.

Баалуу ташты парк 34,7 миң долларга сатып алган.

Аталган улуттук парк вулкан тоонун жана алмаз кенинин жанында жайгашкан. Бул жер бардык каалоочуларга эшиги ачык жападан жалгыз кен казуучу жай. 1990-жылы бул жерден сейрек кездешкен түссүз алмаз табылып ошондон кийин "Алмаз Строун-Вагнер" деп аталып калган.

Парк ачылгандан бери бул жерден 33 миңден ашуун баалуу таш табылган.

Тема боюнча

Мындай болгон эмес! Леонардо да Винчи тарткан сүрөт аукциондо рекорд койду
Ал арактын бөтөлкөсү! Өзгөндө ажатканадан чыккан "алтындын" чоо-жайы
Белгилер:
баалуу таш, парк, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ