Сингапурдун бийлиги жарандарына жарым миллиарддан ашык долларды таратып берет

© Sputnik / Марина Лысцева / Медиабанкка өтүүСингапур шаары. Архив
Сингапур шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Керектүү каражаттар 2018-жылдын бюджетине киргизилген.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Сингапурдун бийлиги өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон жарандарга жарым миллиарддан ашык доллар (700 миллион сингапур доллары) төлөп берет. Керектүү каражаттар 2018-жылдын бюджетине киргизилгени өлкөнүн каржы министрлигинин сайтында маалымдалат.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сарыбаев: бизде төмөнкү жана жогорку пенсиянын айырмасы 50 пайызды түзөт
Ага ылайык, сыйлык бойго жеткен 2,8 миллиондой тургунга берилет. Ошол эле учурда анын көлөмү жарандардын 2017-жылдагы кирешесине карап бөлүштүрүлөт.

Былтыр кирешеси 20,5 миң доллардан кем болгон жарандар 220 доллардан, ал эми кирешеси 20,5 миңден 73 миңге чейин жеткен тургундар 200 доллардан алышат. Ал эми кирешеси 73 миң доллардан ашкандарга 73 доллардан бөлүнөт.

Расмий маалыматтарга караганда 2017-жылы Сингапурдун экономикасы 3,6 пайызга өскөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0