Окумуштуулар бактысыз балалыктын кесепети кандай болорун аныкташты

© AFP / DELIL SOULEIMANСирияда мектепке бараткан окуучулар. Архив
Сирияда мектепке бараткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кандайдыр бир жыйынтыкка келүү үчүн адистер 20 миң адамдын таржымалын иликтеп көрүштү.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Чехиялык окумуштуулар бактысыз, өтө жакыр турмушта өскөн балалык адамдын келечегине терс таасирин тийгизе турганын аныкташты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Школьники с планшетом - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар гаджет баланын окуусуна кандай таасир этерин айтышты
Адистер Европада жашы 70тен өткөн 20 миң кишини маалыматты кабыл алуу, эске тутуу, анализдөө жана сөз байлыгы боюнча атайын тесттен өткөргөн.

Жыйынтыгында бала кезинде өтө жакыр, жетишпеген үй-бүлөдө, же ата-энесиз өскөн 844 киши эң төмөн упай алышкан. Мындан улам окутуштуулар бала кезинен оор турмушта өскөндөр кийин акылынан эрте ажыроо коркунучуна кабылат деген бүтүмгө келишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0