Илон Маск Tesla компаниясындагы кызматын тапшырат

© REUTERS / Bobby YipАмерикалык ишкер Илон Маск. Архив
Америкалык ишкер Илон Маск. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маск мындай чечимге аны алдымчылык боюнча айыптоолор болгондон кийин АКШнын баалуу кагаздар боюнча комиссиясы менен акылдашып анан барген.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ишкер Илон Маск Tesla фирмасынын директорлор кеңешинин төрагалыгынан кетет. Бул тууралуу ВВС басылмасы жазды.

Маск мындай чечимге аны алдымчылык боюнча айыптоолор болгондон кийин АКШнын баалуу кагаздар боюнча комиссиясы менен акылдашып анан барген.

Ракета-носитель Falcon Heavy компании SpaceX успешно стартовала с мыса Канаверал - Sputnik Кыргызстан
Космоско учкан Tesla Марска кесепетин тийгизип, жашоосун жок кылышы мүмкүн
Буга чейин ал Twitter баракчасына Tesla компаниясын жеке менчик кылууну көздөп жатканын жана анын акцияларын 420 доллардан сатып аларын жазган. Анын айынан баалуу кагаздар 11 пайызга кымбаттап, кайта дароо арзандап кеткен. Маск кийин мындай пландарынан баш тарткан жана аны акциянын баасына таасир берүү үчүн алдамчылыкка барды деп айыпташкан.

АКШнын баалуу кагаздар боюнча комиссиясы Илон Маск директорлор кеңешинин төрагалыгынан 45 күндүн ичинде кетиши керек деп чечим кабыл алган. Келишимге ылайык, ал бул кызматка үч жылга чейин иштей албайт. Анын ордуна көз карандысыз менеджер келет. Маск андан тышкары жабыркаган инвесторлор үчүн 20 миллион доллар төлөшү керек. Ушундай эле көлөмдөгү айып пулду Tesla компаниясы да төлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0