Кинодогудай! Индонезиядагы адам өмүрүн алган цунами элдин эсин чыгарды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Вьетнам
Страны мира. Вьетнам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Цунамиден кийин аралда бир нече ирет жер силкинген.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Индонезиядагы Сулавеси аралында катуу жер силкингенден кийин цунами каптаган. Бул тууралуу News18 басылмасы жазып чыкты.

Буга чейин Европа жер ортолук сейсмологиялык борбору Сулавесиден 80 чакырым алыстыкта күчү 7,4 баллга жеткен жер силкинүү болгонун кабарлаган. Цунамиден кийин дагы бир нече ирет күчү беш баллга жеткен жер титирөө болгон.

Учурда суу тартылып калганы кабарланууда. Ошондой эле жер силкинүү менен цунаминин кесепетинен каза болгондордун саны 48ге жеткенин РИА Новости жазды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0