Футболчу Дэвид Бекхэм автоунааны катуу айдаганы үчүн жазаланбай турган болду

© AFP / JUSTIN TALLIS Футболист Дэвид Бекхэм
Футболист Дэвид Бекхэм - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Августта Бекхэм сотко чакырылып, бирок келген эмес. Кийин ал жол эрежесин бузганын моюнга алып, бирок ишти кароодо мыйзам бузулганын айткан.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Лондон шаарынын соту Англия курама командасынын мурдагы капитаны Дэвид Бекхэмди машинасын катуу айдаганы үчүн жоопкерчиликтен бошотту. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Египеттик футболчу Мохаммед Салах. Архив - Sputnik Кыргызстан
FIFA: Салах эң кооз гол киргизип, Модрич жылдын мыкты оюнчусу аталды
Ага ылайык, Бекхэм жол эрежесин январдын аягында бузган. Ал Bentley үлгүсүндөгү машинасы менен 65 чакырым саат менен жүрчү жерден 95 чакырым саат менен айдаган. Бул эреже бузуу үчүн футболчу ири өлчөмдө айып пул төлөп, же айдоочулук күбөлүгүнөн убактылуу ажыратылмак.

Августта Бекхэм сотко чакырылып, бирок келген эмес. Кийин ал жол эрежесин бузганын моюнга алып, бирок ишти кароодо мыйзам бузулганын айткан.

Футболчунун адвокатынын ырасташынча, Дэвид Бекхэмге жол эрежесин бузганы боюнча билдирүү белгиленген мөөнөттөн бир күндөн кийин келген. Дал ушул факты жазаны жокко чыгарууда негизги далил болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0