Москванын "Домодедово" аэропортунда жүктөрдү роботтор тейлемей болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүДомодедово аэропортунун кызматкери. Архив
Домодедово аэропортунун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аэропорт кызматкерлери электрондук чип аркылуу жүк ээсинен алынгандан тарта, учакка киргенге чейин атайын программа аркылуу карап турат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Мындан ары Москванын "Домодедово"аба майданында жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн роботтор тейлейт. Бул чемодандардын ичиндеги буюм-тайымдар жоголбой жана тез жетишине шарт түзөрүн аэропорттун маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Учурда жүктөр сакталчу роботтошкон кампа тестирлөөдөн өтүп жатат. Ал жерде алты робот иштеп, электрондук чиптери бар такталардын үстүндө турган жүктөрдү ташыйт. Алар буйрук берилгенден кийин эки мүнөттүн ичинде жүк кайсы каттамга тиешелүү болсо, ошол багытка чемоданды жеткирип коет", — деп жазылат кабарда.

Аэропорт кызматкерлери электрондук чип аркылуу жүк ээсинен алынгандан тарта, учакка киргенге чейин атайын программа аркылуу карап турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0