Өлүмдөн куткарылган күчүк коньки тепкенди үйрөндү

© Sputnik / Ростислав Нетисов / Медиабанкка өтүүНовогодний забег моржей в костюмах Дедов Морозов в Новосибирске
Новогодний забег моржей в костюмах Дедов Морозов в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машыктыруучу иттин жөндөмүн байкап калган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Америкада Бенни аттуу ит коньки тепкенди үйрөнгөн дүйнөдөгү биринчи ит. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

​Шерил Дель Сангро аттуу машыктыруучу кайсы бир кезде ит баккан мекемеде орун түгөнүп, күчүктү уктатып салаарда сактап калган.

​Итке муз үстүндө жүрүп, шайба көтөрүү жакканын байкаган машыктыруучу аны коньки тебүүгө үйрөтүүнү чечет.

Шерил күчүк үчүн атайын конькиге буйрутма берип, муз үстүндө турууга машыктырган.

Ит дагы акылдуу чыгып көптөгөн трюктарды бат эле үйрөнүп алган. Азыр Бенни өзүнүн шайбасы жана таягы менен гол киргизе алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0