Канадада мээ шишигине кабылган итке 3D-принтерде жаңы баш сөөк жасап беришти

© Sputnik / Николай Филяков / Медиабанкка өтүүПопытка собрать вместе более 600 такс для установления мирового рекорда
Попытка собрать вместе более 600 такс для установления мирового рекорда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече саатка созулган операция ийгиликтүү аяктап, Патчес өзүнө келгенден кийин жарым сааттын ичинде басып кетти.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Канададагы Гуэлф ветеринардык колледжинин изилдөөчүлөрү мээ шишигине кабылган итти аман алып калуу үчүн 3D-принтерди колдонушту. Бул тууралуу life.ru сайты жазды.

​Такса породасындагы Патчес аттуу иттин мээси шишип, алманын көлөмүндөй болуп калганда кожоюну ветеринарларга кайрылган.

​Адистер жаныбарды текшерип көрүп, мээдеги шишик баш сөөктүн 70 пайызын жараксыз кылып койгонун аныкташкан. Жыйынтыгында дарыгерлер иттин баш сөөгүнүн жарабай калган бөлүгүн 3D-принтерде титандан басып чыгышты.

​Бир нече саатка созулган операция ийгиликтүү аяктап, Патчес өзүнө келгенден кийин жарым сааттын ичинде басып кетти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0