Украина сулуусу калп айтканы үчүн титулдан ажырады

© REUTERS / Charles PlatiauСулуу. Архивдик сүрөт
Сулуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23 жаштагы Дудусенко өзү тууралуу туура эмес маалымат берип койгон.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. "Украина сулуусу — 2018" конкурсунун уюштуруучулары сынактын жеңүүчүсү Вероника Дудусенкону титулдан ажыратты. Бул тууралуу конкурстун сайтына жарыяланды.

Мындай чечим кабыл алууга "катышуучулар турмуш кура элек болушу керек" деген талап себеп болгон.

"23 жаштагы Дудусенко өзү тууралуу туура эмес маалымат берип, күйөөгө чыкканын жана баласы бар экенин жашырып койгон", — деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулар эми жаңы жеңүүчүнүн атын 30-сентябрда атайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0