Британиялык миллионердин кызы сендвич жеп, учактан каза болду

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЛондон шаарындагы "Хитроу" аба майданы. Архив
Лондон шаарындагы Хитроу аба майданы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер кыздын өлүмүнө сендвичтин курамындагы олива себеп болушу мүмкүн деп айтышкан.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Британиялык миллионер Надим Эднан-Лаперуздун кызы аэропорттон сатып алган сендвичти жеп алгандан кийин каза болду. Бул тууралуу Daily Mail агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто ит тиштеген 19 жаштагы жигит кутурмадан каза болду. Чоо-жайы
Маалыматка караганда, өспүрүм атасы менен биргеликте Лондондон Ниццага учуп бара жаткан.

Кыз учар алдында аэропорттон сатып алган сендвичти жеп, учак абага көтөрүлгөндө аллергиясы башталган. Атасы ага эки ирет дары берип, бирок сактап кала алган эмес.

Ал эми дарыгерлер кыздын өлүмүнө сендвичтин курамындагы олива себеп болушу мүмкүн деп айтышкан. Мындан улам Эднан-Лаперуз аны жасаган компания эмне себептен бул тамактын курамында кунжут бар экенин жазбаганын түшүндүрүп берүүнү талап кылууда.

Надим Эднан-Лаперуз — балдар оюнчуктарын өндүргөн Wow Toys компаниясынын кожоюну.

Жаңылыктар түрмөгү
0