19:35 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
АКШдагы түрмө. Архивдик сүрөт

АКШда жасабаган кылмышы үчүн 27 жыл абакта отурган адам бошотулду. Чоо-жайы

© AP Photo / Andrew Selsky
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
143020

Анын бейкүнөө камалып кеткенин юридикалык факультеттин студенттери аныктаган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. АКШда кылбаган кылмышы үчүн 27 жыл бою абакта отурган адам эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Golfworld журналына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Валентино Диксон 27 жыл мурда достору уюштурган кечеге барган. Ал жерде мушташ чыгып, ок атылган. Анын кесепетинен 17 жаштагы өспүрүм каза болгон. Кийин Диксон мушташка катышпаганын жана ага маани бербей үйүнө кетип калганын билдирген. Жада калса ал өспүрүм каза болуп калганын да билген эмес.

Жарандын апасы жергиликтүү басылмалардын бирине, уулун полиция издеп жатканын досторунан укканын, күндөрдүн биринде полиция кызматкерлери тобу менен келип аны алып кеткенин айтып берген.

Валентино буга чейин баңгизаты менен курал сактоого айыпталып соттолуп чыккан. Өспүрүмгө ок чыгарылган курал дагы ага таандык экени маалым болгон. Анткен менен күбөлөр ким ок атканын так айта алышкан эмес. Ошентсе да Диксон күнөөлүү деп табылып, 39 жылга камакка алынган.

Ал абакта 27 жыл отургандан кийин жергиликтүү университеттин юридикалык факультетинин студенттери ишти кайрадан иликтөөгө алып, бардык күбөлөрдү сурап чыгышкан. Жыйынтыгында ал кечте Диксон чыр-чатакка катышпай эле кетип калганы, ал эми өспүрүмдү Ламар Скотт аттуу адам өлтүргөнү белгилүү болот (ал башка кылмышы үчүн абакта отурат). Сурак учурунда Ламар 27 жыл мурда өспүрүмдү атып салганын моюндаган. Тергөөнүн жаңы жагдайлары укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенден кийин, Диксонду эркиндикке кое берүү чечими чыгарылган.

27 жыл аралыгында жабырлануучунун кызы чоңоюп, атасын эки неберелүү кылган.

Бир чейректик өмүрүн полициянын шалаакылыгынан улам абакта өткөргөн Диксон аны туура эмес соттогон адамдарды издебей турганын, калган өмүрүн жакындарынын кучагында өткөрөрүн билдирди.

Тема боюнча

АКШда жаза өтөп жаткандар түрмөнүн атайын эсебин талкалап, 225 миң доллар уурдашты
АКШ түрмөсүнөн качып кеткен киши жарым кылымдан кийин табылды
Белгилер:
күнөө, эркиндик, абак, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ