Британиянын 97 жаштагы канзадасы машина айдап баратканда сүрөткө тартып алышкан

© REUTERS / Andrew Milligan / PoolБританский принц Филипп
Британский принц Филипп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Филиппке 13-апрелде жамбаш муундарын алмаштыруу боюнча операция жасалган болчу.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Улуу Британиянын канышасы Елизавета экинчинин күйөөсү, 97 жаштагы канзада Филипп Land Rover үлгүсүндөгү автоунаасын айдап баратканда папарацци сүрөткө тартып алганын The Sun басылмасы жазды.

Дрон случайно запечатлел призрак всадника в старинном английском замке - Sputnik Кыргызстан
Англия: эски сепилдин үстүнөн чаап бараткан "арбак" видеого түшүп калды
Ага ылайык, сүрөт Абердиншир аймагындагы Балморал резиденциясына жакын жерден 15-сентябрда тартылган.

Басылманын жазышынча, канзада Филипп 24-июнда поло боюнча мелдешке баргандан бери элге чыга элек болчу.

Эске салсак, Филиппке 13-апрелде жамбаш муундарын алмаштыруу боюнча операция жасалган. Ага карабастан ал машина айдаган адатын калтырган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0