Трамп Кытайдан келген товарларга 10 пайыз кошумча салык төлөтмөй болду

© REUTERS / Damir SagoljФлаги США и Китая. Архивное фото
Флаги США и Китая. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер Кытай тарап буга жооп бере турган болсо АКШ үчүнчү кадамын жасай турганы айтылды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кытай менен АКШнын "соода согушу" күч алып, дүйшөмбү күнү Америка лидери Дональд Трамп Кытайдан келген товарларга 10 пайыздык кошумча салык киргизип койду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп: Google, Twitter, Facebook өз колдонуучуларын алдап жатат
Түшүндүрө кетсек, Вашингтон менен Пекиндин ортосунда соода тармагындагы пикир келишпестик ушул жылдын 6-июлунда башталган. Анда эки тарап тең кайсы бир товарлардын түрүнө 25 пайыздык бажы алымын киргизишкен.

Эми минтип АКШ экинчи дем менен "жалпы суммасы 200 миллиард доллардын тегерегинде товар алып келинсе, мамлекетке 10 пайыздык кошумча салык төлөнүшү керек" деген чечим кабыл алды. Ал 24-сентябрдан тарта күчүнө кирет.

"Жети жумага созулган талкуулардан кийин бүгүн 10 пайыздык салык киргизүүнү чечтик. Бул көрсөткүч жылдын аягына чейин кармалып, 2019-жылдын 1-январынан баштап 25 пайыздык болуп өсөт. Кытай бизге жооп бере турган болсо, бажы төлөмдөрү боюнча үчүнчү чечимди кабыл алышыбыз мүмкүн", — деди Трамп.

Ал эми айрым адистер АКШ кезектеги салыктарды киргизсе, Кытай аны менен соода тармагындагы келерки сүйлөшүүлөргө катышпай коюшу ыктымал деп божомолдоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0