Арменияда крокодил фермасы ачылат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКрокодиловая ферма в Тунисе
Крокодиловая ферма в Тунисе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик ишкер крокодилдин терисинен жасалган продукцияларды чыгарууга кызыкдар.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Армениянын Арарат облусунда крокодил бага турчу ферма ачылат. Ал жакта кафе жана атракцион дагы иштей турганын "Известия" басылмасы жазды.

Крокодил едва не откусил руку дрессировщику на глазах у зрителей — видео - Sputnik Кыргызстан
Крокодил менен шоу көрсөтүп жаткан адам колунан ажырап кала жаздады. Видео
Облус губернатору Гарик Саркисяндын айтымында, бул долбоорду Танзаниядан келген ишкер колго алууда. Ал бул сыяктуу долбоорлорду башка мамлекеттерде дагы ийгиликтүү ишке ашырганы маалыматта айтылат.

Облус жетекчиси Даштаван айылында ферма үчүн 15 миң гектар жер бөлүнгөнүн айтып, ишкер биринчи жылы 1,5 миллион доллар салса, алдыдагы беш жылда 10 миллион доллар инвестиция кыларын кошумчалады.

Чет элдик ишкер крокодилдин терисинен жасалган продукцияларды чыгарууга кызыкдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0