Жастин Бибер белгилүү Голливуд актерунун кызына үйлөндү. Эки жаштын сүрөттөрү

© AP Photo / Joel C RyanАмерикалык модель Хэйли Болдуин. Архив
Америкалык модель Хэйли Болдуин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жаш кечээ, 14-сентябрда, Нью-Йорктогу сотто нике каттоосунан өткөн.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Канадалык белгилүү ырчы Жастин Бибер америкалык модель Хейли Болдуинге үйлөндү. Бул туурасында People жаңылыктар порталы жазып чыкты.

Түгөйлөрдүн жакындары кечээ, 14-сентябрда, эки жаш Нью-Йорктогу сотто нике каттоосунан өткөнүн айткан.

​Социалдык тармактарда 21 жаштагы Бибер менен 24 жаштагы Болдуиндин кол кармашып чиркөөгө кирип бараткан сүрөтү тарады. Күбөлөр экөө тең жаркын маанайда экенин, ырчынын толкунданып турганын белгилешкен.

​Маалыматка караганда алар туугандары жана достору үчүн үлпөт тоюн кийинчерээк өткөрүшөт.

Хейли Болдуин — Голливуд актеру Стивен Болдуиндин кичүү кызы жана кино жылдызы Алек Болдуиндин тууганы. Ал Бибер менен 2015-2016 жылдары ынак мамиледе жүрүп, бирок жаштар кайра эки ажырым жолго түшүшкөн. Анткен менен эки ай мурда Жастин ырчы Селена Гоместен кол үзгөндөн кийин жаштардын мамилеси кайрадан жанданган.

Ал эми 7-июль күнү Бибер Багам аралында эс алуу учурунда сүйүктүүсүнүн колун сураганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0