Мексика: автоунаадагы муздаткычтан жети кишинин башын табышты

© AFP / ALFREDO ESTRELLAМексиканын полиция кызматкери. Архив
Мексиканын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ менен чектешкен Сонора штатында акыркы жети айда 650дөн ашуун киши өлтүрүлгөн.

БИШКЕК, 14-сен. – Sputnik. Мексиканын Сонора штатындагы Бакум шаарынан автоунаадагы муздаткычтан полиция жети кишинин башын тапты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Аталган штаттын прокуратурасынын маалыматына караганда, табылган сөөктөр болжол менен 25-40 жаштагы эркек кишилерге таандык. Ал жерден адамдын бир колу менен буту да табылган.

Акыркы 20 айда Бакум шаарында бир нече жүздөгөн адам өлтүрүлгөндүгүн Proceso порталы жазган.

Капаста кармалган, ыйлаган бөбөктөр. АКШдагы мигранттардын балдары тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Капаста кармалган, ыйлаган бөбөктөр. АКШдагы мигранттардын балдары тартылган видео
АКШ менен чектешкен Сонора штатынын аймагында акыркы жети айда 650дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган. Маалыматта аталган окуяларды баары баңги заттары менен шугулданганып, коңшу Америкага аны алып өтүүгө аракеттерине көзөмөл жана каршы күрөштөн улам келип чыккандыгы айтылган.

Буга чейин Мексикада жалпы шайлоонун үгүт иштери учурунда 523 саясатчы өлтүрүлгөнү тууралуу да маалыматтар чыккан. Бул убакыт былтыркы 8-сентябрдан тарта 2018-жылдын 1-июлуна чейинки аралыкты камтыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0