Окумуштуулар жогорку кан басымды дары-дармексиз түшүрүү жолун айтышты

© Sputnik / Табылды КадырбековДавление өлчөп жаткан адам. Архив
Давление өлчөп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперименттин жыйынтыгында, алар салмагын бир топ (болжол менен 8,6 килограмм) таштап жана кан басымы азайган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жашоо образын 16 аптага өзгөртүү кан басымдын жогорулап кетишин түшүрүп, гипертензияга (жогорулаган кан басым) каршы дары-дармекке болгон муктаждыкты азайтат. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Бул иликтөөнү Жүрөк оорулары боюнча Америкалык ассоциациясы жүргүзгөн.

Кардиологдор кишинин артериалдык кан басымы (систоликалык — 130-160, диастоликалык — 80-90) жогорулап кеткенде тамакты мүнөздөп ичип, спорт менен тынбай машыгуу жакшы экендигин айтышты.

Дарыгерлердин жогорку сунушу эркектерге да, аялдарга да тийиштүү экендигин айтышты.

Сильный мороз в Минске - Sputnik Кыргызстан
Суук бөлмөнүн кан басымга кандай таасир берери айтылды
Адистер мындай тажрыйбаны кан басымы жогору болгон, 40-80 жаш аралыгындагы 129 кишиге жүргүзгөн.

Эксперимент жасай турган адамдарды үч топко бөлүшкөн. Алардын ар бири үчүн илимпоздор 16 жумалык программа иштеп чыгышкан.

Биринчи топтогулар 1-категорияга кирип, мөмө-жемиши арбын, эт менен туз, таттуу тамактарды аз керектөөгө өткөн. Ага кошумча машыктыруучунун жардамынын аркасында спорт менен машыккан. Экинчи топтогулар да ошондой программа менен тамактанган. Үчүнчү топ эч нерсе кылган да, дары-дармек ичкен да эмес.

Анын жыйынтыгында, биринчи топтун катышуучулары салмагын бир топ (болжол менен 8,6 килограмм) таштап, кан басымы азайган. Тагыраагы "жогоркусу" 16, "ылдыйкысы" 10 пунктуга азайган. Алардын ичинен 15 пайызы гана дары-дармекке муктаж бойдон калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0