Боксчу Оскар де ла Хойя АКШнын президенттигине ат салышуусу ыктымал

© AP Photo / Jordan Strauss/InvisionПрофессионал боксчу 45 жаштагы Оскар де ла Хойя. Архив
Профессионал боксчу 45 жаштагы Оскар де ла Хойя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оскар де ла Хойя орточо салмак категориясында мелдештерге чыккан. 1992-жылы олимпиада чемпиону болгон. Ал профессионалдык боксто 39 жолу жеңишке жетип, алты жолу жеңилүү ызасын тарткан.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Профессионал боксчу 45 жаштагы Оскар де ла Хойя 2020-жылы боло турчу АКШдагы президенттик шайлоодо өз талапкерлигин коюуга ниеттенип жатат. Бул тууралуу TMZ порталы жазды.

Ага ылайык, боксчу Канье Уэст президенттик шайлоого катышам деп жаткнадан кийин анын да талапкер болууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеген.

АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп Путин баштаган президенттер менен эмнеге жолугуп жүргөнүн айтты
Буга чейин 3-сентябрда рэппер Канье Уэст АКШнын президентти болууга ат салышууга даяр экенин билдирген. Ал буга чейинки шайлоодо Дональд Трамптын үгүт иштерин колдоп, республикачыл Трамп президент болуп шайлангандан кийин Нью-Йоркто жолугушкан.

Ал эми Канье Уэстин жубайы тележылдыз Ким Кардашьян дагы июнь айында саясатка аралашып, президенттик шайлоого катышып бактысын сынап көрөрүн баса белгилеген. Ошол эле учурда бул аракети жакынкы аралыкта ишке ашышы күмөн экенин айткан.

Оскар де ла Хойя орточо салмак категориясында мелдештерге чыккан. 1992-жылы Олимпиада чемпиону болгон. Ал профессионалдык боксто 39 жолу жеңишке жетип, алты жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0