АКШда дүкөн сатуучусу 9 миң долларга ветчина жеп, жазаланмай болду

© AFP / JOHN MACDOUGALLКолбаса жасалгалары. Архив
Колбаса жасалгалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми аны жоопко тартуу же тартпоо маселесин прокуратура карап, акыркы чекитти коёт.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. АКШда супермаркетте иштеген кызматкер сегиз жылда 9 миң долларлык ветчина жеп салганы үчүн жоопко тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Продукция завода в Тбилиси - Sputnik Кыргызстан
76 килограммга арыктаган АКШнын жараны диетасынын сырын ачты
Ага ылайык, Огайо штатынын Тускарауас округунун шерифинин айтымында, сатуучуга ири суммадагы каражат уурдады делген айып тагылышы ыктымал, бирок анын ишке ашышы күмөн.

Супермаркеттин сатуучусу күн сайын ишке келгенде ветчинадан бир нече кесим жеп турган. Эсептей келгенде супермаркет 9 миң долларга чыгаша болгону аныкталган.

Дүкөндүн ээлери округдун шерифине арыз жазып, ал аны прокуратурага берген. Акыркы чечимди эми укук коргоо органдары чыгарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0