Көзгө жаш айлантып... Каза болгон кожоюнун жоктогон мышыктын видеосу

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүВыставка кошек "Кубок Валенсии - Весна"
Выставка кошек Кубок Валенсии - Весна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күндүн ичинде роликти 23 миллион адам көргөн.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Интернетте ээсин видеодон көрүп жоктогон мышык тууралуу ролик популярдуу болууда. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Көзгө жаш алдырган видеону Facebook баракчасына Engin Yilmaz аттуу колдонуучу жүктөгөн.

Бир нече күн ичинде роликти 23 миллион адам көргөн. Анда ээси тууралуу видеону алгач кунт коюу менен тиктеп, андан соң  телефонду кучактап алып, көпкө чейин жаткан.

Социалдык тармактын колдонуучулары ролик алардын көзүнө жаш айлантканын жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0