Түркияда үлпөт тойдо дарыгер өзүн башка атып алып каза болду

Жазылуу
Окуя Конья шаарында болгон.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Түркияда үлпөт той учурунда дарыгер иштебей калган тапанчаны текшерип жатып, башына ок жаңылып каза болду. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Бул каргаша Конья шаарында болгон. Тойго чакырылган Хасан Акдемир тапанча менен асманга бир нече ирет ок чыгарышы керек болчу. 39 жаштагы дарыгер тапанчаны алып чыгып асманга атканда ал иштебей калган. Эмне болду деп текшерип жатканда тапанча атылып кетип, ок башына тийген.

Тойго келгендер дароо тез жардам чакырганы менен доктурлар анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0