Окумуштуулар колду кургата турчу аппараттын зыяндуулугун айтып беришти

© Sputnik / Жоомарт УраимовСушилка для рук
Сушилка для рук - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британия, Италия жана Франциядагы ооруканалардын ажатканаларында атайын изилдөө жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Окумуштуулардын эл аралык тобу колду кургата турчу аппараттар ден соолукка зыяндуу бактерияларды тарата турганын Medical Express порталы жазды.

Окумуштуулар Британиянын Лидс, Италиянын Удине жана Франциянын Париж шаарындагы үч оорукананын ажатканаларында айрым бактериялар кандай жайыларын 12 жума бою иликтеп көрүшкөн. Алар биринчи кезекте стафилоккок, энтероккок жана ичеги таякчаларынын тарашына көңүл бурушкан. Жыйынтыгында бул бактериялар ажатканадагы кол кургатуучу аппарат иштегенде тез жайыларын аныкташкан.

"Кол кургатуучу аппарат иштеген учурда жел болуп, ал раковина, полду жана аппараттын өзүн булгайт. Аларга колу тийген кишилер түрдүү бактерия менен вирустарды жуктуруп алышы толук мүмкүн", — дейт Лидс университетинин медициналык микробиология бөлүмүнүн профессору Марк Уилкокс.

Окумуштуулар кагаз сүлгүлөрдү колдонгон жерде бактариянын жайылышы жай экенин айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0