Toyota миллиондон ашык автоунаасын кайра чакыртып алмай болду. Тизме

© AFP / MARK RALSTONToyota автоунаалары. Архив
Toyota автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жан-Ива Жо автоунаанын бул кемчилигинен улам бир унаа түтөп, бирок андан адам курмандыгы болбогондугун айтты.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Автоунаа чыгаруучу япониялык Toyota Motor бир миллиондон ашуун Prius жана C-HR үлгүсүндөгү автоунааларды чакыртып ала турган болду. Бул туурасында РИА Новости Bloomberg агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Компаниянын расмий өкүлү Жан-Ива Жонун айтымына караганда, 554 миң авто Япониядан, 192 миң авто АКШдан кайра кайтарылмакчы. Калган автокөлүктөр кайсы өлкөлөрдөн алынары так айтыла элек.

Жан-Ива Жо автоунаанын бул кемчилигинен улам бир унаа түтөп, бирок андан адам курмандыгы болбогондугун айтты.

Девушка за рулем автомобиля - Sputnik Кыргызстан
Кооз, коопсуз, ыңгайлуу. Адистер кыз-келиндерге ылайыктуу 5 унааны атады
Компаниянын маалыматына караганда, кыймылдаткычтан башкаруунун блогуна кетип, анын иштешин камсыздаган зым убакыттын өтүшү менен кооптуу боло баштайт. Андан акырындык менен чыртылдаган учкундар чыгып, ал тургай күйүп кетүүгө да алып келиши мүмкүндүгү айтылды. Бул кайрылуу электромобиль түрүн кошо келгенде Prius автоунааларынын бардыгына тиешелүү. Андан сырткары, быйылкы жылдын май айына чейинки чыгарылган C-HR автоунаасынын гибриддик үлгүсү да кошо камтылган. Компания Toyota Prius автокөлүгүнүн гибриддик соңку үлгүсүн 2015-жылы, C-HR автоунаасынын гибридин 2016-жылдын декабрь айынан тарта чыгара баштаган.

Toyota Motor Corporation — Toyota Group компаниясынын ири бөлүгү жана япониялык авто өнөр жайдын лидери. Ишкана 1937-жылы негизделген, штаб-квартирасы Тойота шаарында, Айти префектурасында жайгашкан.

Буга чейин эң көп сатылган автоунаалар аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0