Окумуштуулар: уйкудан калуу кант диабетин шарттайт

© AP Photo / John LocherСахар диабети менен ооруган аял. Архив
Сахар диабети менен ооруган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач окумуштуулар чычкандын эки тобун изилдеп көрүп, биринчисин уйкудан калтырып, экинчисин жакшылап эс алдырган.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Жадагалса бир түн уйку көрбөй калуу боордогу глюкозанын иштелип чыгуусуна таасирин тийгизип, инсулинди эритип салышы ыктымал. Натыйжада боордун стеатозу (май басышы. — ред.) менен кант диабетинин экинчи даражадагы оорусунун пайда болушуна алып келет. Мындай жыйынтыкка Япониядагы Тохо университетинин окумуштуулары келгенин РИА Новости жазып чыкты.

Басылманын маалыматына ылайык, уйкуга тойбогон адам көп тамак жеп, аз кыймылдайт.

Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар балдар канткенде жалаң бешке окуй турганын айтышты
Алгач окумуштуулар чычкандын эки тобун изилдеп көрүп, биринчисин уйкудан калтырып, экинчисин жакшы эс алдырган. Ошондой эле аларга таттуу тамак менен ширин суу коюп коюшкан.

Эртеси чычкандарды текшергенде биринчи топтогулардын, тагыраагы, уйкудан калгандардын канындагы глюкоза менен майлар жогору экендиги байкалган. Ошондой эле боордогу зат алмашууга да терс таасирин берген.

Басылма мындай изилдөөлөрдү жүргүзүп туруу организмдеги зат алмашуу, уйку көйгөйүнөн жаралган илдеттердин алдын алууга жардам бере турганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0