Кол салгандардын шаштысын кетирди! Жип айдаган аялдын видеосу

© AFP / Johan ORDONEZПатрулирование улиц в деревне Ло де Рейес
Патрулирование улиц в деревне Ло де Рейес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял кишиден каяша күтпөгөн куралчандар акырында автоунаасына түшө качып, кутулган.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Түштүк Африкада жолтандабас айдаган жашы өтүп калган аял кол салам деген бейбаштардын шаштысын кетирип, артка кетүүгө аргасыз кылганын The Daily Mail жазды.

Гаутенг шаарында болгон окуя камерага түшүп калган.

Американка и ее муж сошлись в схватке с грабителями за $ 75 тысяч. Видео - Sputnik Кыргызстан
Өлөрүнө карабай... 75 миң доллар үчүн уурулар менен кармашканда. Видео
Басылманын маалыматына караганда, аял короосуна жуп кирип келгенде, артынан тапанча көтөргөн үч киши сая түшүп, автоунаасынын терезесине курал такаган. Ал коркуп, далбастап калбастан, автоунаасын артка айдап, дарбазасынын оозунда турган каракчылардын минивэнин бир нече ирет сүзгөн. Мындай кадамды күтпөгөн куралчандар акырында машинасына түшө качкан.

Социалдык тармактагылар мунусу менен аял тобокелге барганын, окуя кайгылуу бүтүшү мүмкүн болчу деген пикирлерди калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0