Россияда "көзү ачык" мышык 5 млн. рублга сатылып жатат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМышык. Архив
Мышык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарыяда тажрыйбалуу көзү ачыктар мышыктын жардамы менен башка дүйнөдөгүлөр менен сүйлөшө алары жазылган.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кемерово облусунун тургуну Владимир интернет аркылуу мышыгын 5 миллион рублга сатыкка койгонун Известия жазды.

Анын айтымында, мышыгы көзү ачык болгондуктан арбактарды көрө алат.

"Тажрыйбалуу көзү ачыктар мышыктын жардамы менен башка дүйнөдөгүлөр менен сүйлөшө алат. Жандык үйдүн энергетикасы таза же таза эместигин заматта сезет. Мышык менен жакшылап иштеше алган адам керек", — деп Владимир жазган.

Мындай жарыя Россиядагы популярдуу сайттардын биринде 1-сентябрь күнү пайда болгон. Мышык учурда төрт жашта. Анын ээси үйү тар болгону үчүн сатып жатканын белгилеген.

Арбакпы? Филлипинде видеого түшүп калган сөлөкөт жүрөктүн үшүн алууда - Sputnik Кыргызстан
Арбакпы? Филлипинде видеого түшүп калган сөлөкөт жүрөктүн үшүн алууда
Болуп көрбөгөндөй кымбат баа адамдардын көңүлүн бурган мыкты жарнама болуп бере алды.

Владимир мышыгы өзгөчө жандык экенинен кымындай шек санабай тургандыгын билдирди. Анын айтымында, жаңы үй алганы жатканда салтка ылайык биринчи мышыгын киргизген. Бирок ал үй ичине кирбестен тескери басып кеткен. Кийинчерээк кошуналары ал үйдө начар адамдар жашаганын айтып беришкен. Владимир мышыгы ошонун баарын сезип кирбей койгонуна ишенерин сайттагы жарнамага кошуп жазып койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0