Кувейттеги дүкөн ээси балыктын эскирип кеткенин жашырыш үчүн жасалма көз чаптаган

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүЦентральный колхозный рынок в Краснодаре
Центральный колхозный рынок в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кардарлар сатылбай туруп калган балыкты көзүнүн өңүнөн ажыратышат.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кувейтте эскирип калган балыктарды жаңы эле кармалган деп алдап саткан дүкөн жабылды. Бул тууралуу The Huffington Post басылмасы жазды.

Ага ылайык, сатуучулар балыктарга жасалма желим көздөрдү чаптап, аны "жаңы" деп алдаганга аракет кылышкан.

Тургундар балыктарга жасалма көз чапталганы боюнча билдирүүлөрдү социалдык тармактарга чыгарышкандан кийин бул алдамчылыктын бети ачылган.

Кийин бул окуяга өлкөнүн соода министрлиги кийлигишип, дүкөн толугу менен жабылган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0