Американын тургуну ала жипти аттаган күйөөсүн акырындык менен өлтүргөн

© AFP / JOHAN ORDONEZАрест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале
Арест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
64 жаштагы маркум Стивен Клейтондун сөөгү өз үйүнөн табылган.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. АКШнын Түштүк Каролина штатынын тургуну күйөөсүн көзгө тамчылата турчу дары менен өлтүргөн деген айып менен кармалганын New York Post басылмасы жазды.

Меры безопасности в московском метро - Sputnik Кыргызстан
Москва метросунда полиция кызматкерин өлтүрдү делген киши кармалды
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча 64 жаштагы Стивен Клейтондун сөөгү өз үйүнөн табылган. Алгач ал үйдөгү тепкичтен кулап кетип каза болду деп болжолдонгон. Бирок өлүкканадан текшере келгенде организминен химиялык заттар табылган.

Маркумдун жубайы Лана Клейтондун берген көрсөтмөсүнө ылайык, үч күн бою ал жолдошу ичкен сууга көзгө тамчылата турган дарыдан кошуп турган. Адистердин айтымында, бул химиялык кошулма кишинин организмине киргенден кийин нерв системаларын жабыркатат.

New York Post басылмасынын жазышынча Клейтон бир канча жыл мурун жолдошу ала жипти аттаганын социалдык тармактагы баракчасына жазган. Күйөөсүн өлтүрүүгө ушул факты себеп болгону болжолдонууда. Укук коргоо органдары болсо нагыз себебин аныктоого аракет кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0