Каршылашын 20 секундда сулата чапкан 40 жаштагы мушкер. Видео

Жазылуу
Германиялык мушкер каршылашын бутунун кыйымылы менен алдап, сулата чапты.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Аралаш мушташ (ММА) боюнча немец спортчусу Карстен Либих 20 секунд ичинде Жамал Маджидини нокаутка кетирди. Анын видеосун Jolassanda аттуу интернет колдонуучу Twitter баракчасына жарыялаган.

​Беттеш 1-сентябрь күнү GMC 16 турниринин алкагында өткөн. Анда 40 жаштагы Либих күч сынашуу башталганда эле Маджидини бутунун кыймылы менен алдап, колу менен ийгиликтүү сокку жасап нокаутка кетирген.

Немец спортчусунун профессионалдар арасындагы — биринчи жеңиши. Ал эми Маджидинин карьерасындагы алгачкы утулганы болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0