"Жел мэрдин" нааразы авторлору: Лондондо бычак ала чуркагандар арбыды

© REUTERS / SIMON DAWSONЛондондуктар аталган калаанын мэри Садик Хандын 2020-жылга кайрадан шайланышына нааразылык билдирип, асманга анын жасалган келбетин учурушту
Лондондуктар аталган калаанын мэри Садик Хандын 2020-жылга кайрадан шайланышына нааразылык билдирип, асманга анын жасалган келбетин учурушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыш көп болууда, өзгөчө бычак ала чуркагандар арбыды деген активист.

БИШКЕК, 2-сен. – Sputnik. Лондондуктар аталган калаанын мэри Садик Хандын 2020-жылга кайрадан шайланышына нааразылык билдирип, асманга анын жасалган келбетин учурушту. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Нааразылык акциясы Лондондун борборундагы Парламент аянтында өттү. Активисттер шаарда кылмыштуулук күчөп кетти дешкен.

"Садик Хандын кебине сары түстүү бикини кийгизгенибиздин себеби, Лондондун азыркы абалына элдин көңүлүн буралы дедик. Ал кызматтан кетиши керек", — деген активист Йен.

Өзүн Жеймс деп тааныштырган дагы бир жаран кылмыштуулук менен кошо исламофобия пайда болгондугун түшүндүргөн.

"Кылмыш көп болууда, өзгөчө бычак ала чуркагандар арбыды. Лондондо жүрүү кооптуу болуп калды. Ачык айтылбаганы менен, исламофобия өсүүдө", — деген ал.

​Асманга учкан "жел мэр" калаа башчысы коомдук транспортко жайгаштырууга тыюу салган сары бикини кийип турат. 2016-жылы Хан жарым жылаңач болуп, сууга түшүүгө чакырып жарнама кылган сүрөттөрдү илүүгө каршы чыккан. Бул боюнча калаа башчысы мындай реклама аялдарды басынтат деп айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0