Калифорния: жээктеги суу ысып балыктар кырылып калды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүОтдых москвичей на пляже в Строгинской пойме
Отдых москвичей на пляже в Строгинской пойме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Малибу булуңундагы суунун температурасы +28 градска көтөрүлүп кеткен.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Калифорния штатынын Малибу булуңунда ашынган ысыктан улам миңдеген балыктар өлүп калды. Бул тууралуу жергиликтүү экологдорго шилтеме берип Live Science басылмасы жазды.

"Аймакты балыктын бир нече түрү байырлаганына карабай, кефаль деп аталган түрү гана өлгөн. Алар суунун +28 градуска чейин ысып кетишин көтөрө албай калышкан", — деп айтылат макалада.

Негизинен балыктардын массалык түрдө кырылышы АКШнын жээктеринде маал-маалы менен болуп турчу көрүнүш. Бирок көпчүлүк балыктар суу алдындагы зыяндуу чөп-чарга ууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0