Иосиф Кобзон дүйнө салды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБаскетбол. Матч, посвященный 90-летию Александра Гомельского
Баскетбол. Матч, посвященный 90-летию Александра Гомельского - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчынын онкологиялык дартка кабылганы мындан 13 жыл мурун белгилүү болгон.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бүгүн, 30-август күнү, СССРдин эл артисти, Мамлекеттик думанын депутаты Иосиф Кобзон каза болгонун РИА Новости маалымдады.

Маркумдун 80 жашта экени айтылды.

"Кобзон 20-июль күнү оор абалда ооруканага жаткырылган. Ырчынын онкологиялык ооруга кабылганы 2005-жылы белгилүү болгон. Бир нече ирет операция жасалып, химиялык терапиянын курсунан өткөн", — деп жазылат билдирүүдө.

Борбор Азиядан чыккан алгачкы аял хирург, элдик билим берүүнүн отличниги, эмгек сиңирген дарыгер, Кыргызстандын илимий ишмери жана медицина илимдеринин доктору Какиш Рыскулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Борбор Азиядагы туңгуч аял хирург Какиш Рыскулова дүйнө салды
Белгилей кетсек, Кобзон 1937-жылы 11-сентябрда Украинанын Часов Яр шаарында жарык дүйнөгө келген. Жаштайынан ырга жакын өскөн бала 9 жашында Крмлде Иосиф Сталиндин алдында ырдап чыккан.

Армиядан келгенден кийин Гнесиныз атындагы мамлекеттик музыкалык-педагогикалык инстиутуттун вокал факультетине өткөн.

Иосиф Кобзон жарым кылымдан ашуун убакыт бою сахнада жүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0