АКШ эми Индияга сөөмөй кезеп жатат

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүРоссия развернула в Сирии ЗРК С-400
Россия развернула в Сирии ЗРК С-400 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
CAATSA мыйзамына ылайык, АКШ Россиядан курал-жарак сатып алып жаткан үчүнчү мамлекеттерге санкция киргизе алат.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. АКШ Индиянын Россиядан курал-жарак, анын ичинен С-400 зенит-ракеталык комплексин сатып алуу планына тынчсызданып жатканын, андыктан бир катар чектөөчү аракеттерди көрүүгө аргасыз болорун Американын коргоо министринин Азия-Тынч океан аймагындагы иштери боюнча жардамчысы Рэндалл Шривер билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал Вашингтондогу Карнеги борборунда сүйлөп жатып, CAATSA мыйзамынын санкциялары Индияны кайгып өтөт деп так айта албай турганын айтты.

Шривер Индиянын коргонуу жаатында Россия менен болгон буга чейинки байланыштарын танбай турганын, бирок келечекте Индияны өзүнө жакындатууга артыкчылык берерин кошумчалады.

"Биз Индия менен өткөн чак эмес, келечек тууралуу сүйлөшүүнү көздөйбүз. Россиянын келечегин карап көргүлө, мисалы демографияны. Бул өлкө менен келечекте узак мөөнөттүү иш алып барууга болбойт. Ал эми биз жакшы, ишенимдүү өнөктөш боло алабыз", — деди ал.

CAATSA мыйзамына ылайык, АКШ Россиядан курал-жарак сатып алып жаткан үчүнчү мамлекеттерге санкция киргизе алат. Ошол эле учурда Пентагон айрым мамлекеттерге ырайымдуулук кылууга укуктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0