Дүйнөдөгү эң кымбат, алтынды да басып өткөн азыктар. Тизме

© AFP / LOIC VENANCEФуа-гра — специальным образом приготовленная печень откормленного гуся или утки
Фуа-гра — специальным образом приготовленная печень откормленного гуся или утки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шафран – алтындан да кымбат турган дүйнөдөгү эң кымбат азыктардын бири. Бирок шафран менен дагы кайсы азыктар ат салыша алат? Эмнеге алар мынчалык кымбат турат? Чындап эле алар баасына татыйбы?

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. BBC кызматынын Food Programme программасы боюнча иштеген адистери жер жүзүндөгү бардык кымбат азыктарды изилдеп чыгышты.

Алардын баасын алтынга салыштырылган. Кымбат баалуу металлдын бир килосу дээрлик 39 миң доллар турат. Натыйжада төмөнкүдөй тизме чыккан:

1. Шафран

Эгер сиздин алдыңызга сунулган күрүч алтын сымал жалтырап турса, болду-болбоду, ал шафран кошулуп даярдалган. "Кызыл алтын" атыккан бул татымал – тамак-ашта боек катары колдонула турган ачык саргылжын так же крокус гүлүнүн чаң топтогучу. Ал алтынга тете гана бааланбастан, граммынын баасына салыштырсак, алтындан да ашып түшөт. Бирок эмнеге шафрандын наркы мынчалык кымбат?

Себеби жөпжөнөкөй: шафрандын крокусу жылына бир же эки апта ичинде гана гүлдөйт, татымалды топтоо мээнет талап кылат, ал кол менен гана жыйналып, кол менен гана иштелип чыгат. Анан да ар бир кичинекей гүлдүн үч гана чаң топтогучу бар, башкача айтканда, шафрандын бир гана килосун жыйноого крокустун эки футбол талаасы талап кылынат. Бул 300 000 гүл керектелет деген кеп.

2. Икра (балыктын уругу)

© Фото / Sputnik / Медиабанкка өтүүОсетр кара икрасы
Производство черной икры - Sputnik Кыргызстан
Осетр кара икрасы
Осетр балыктарынын уругу дүйнөдөгү эң мыкты чүйгүн тамактардын бири болуп саналат. Аларды иштетүү, таңгактоо татаал эмгек, бирок андан да маанилүүсү — жаратылышта булардын абдан аз санда болушу.

Кокосовое масло - Sputnik Кыргызстан
Азыктын эң эле зыяндуусу аталды
Эң белгилүү икра — Каспий жана Кара деңизди байырлаган осетр балыктарынын тукумунан белуга балыгынын уругу.

Бул балык жоголуп бараткан түргө киргендиктен, мыйзам анын уругун эң аз көлөмдө гана сатууга жол берет. Аталган балыктын уруктануусу үчүн 20 жылдай убакыт зарыл, ал эми уругун алуу үчүн аны өлтүрүүгө туура келет.

Андан да осетр-альбиностун уругу сейрек, бул түрү жапайы табиятта дээрлик толугу менен жок болду.

Гиннес рекорд китебине ылайык, 100 жаштагы белуга-альбиностун уругу эң кымбат деп катталган. Анын ак икрасынын бир килосу 34,5 миң долларга сатылган.

3. Устрица

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүУстрица
Рыбная неделя в рамках фестиваля Золотая осень - Sputnik Кыргызстан
Устрица
Бүгүнкү күндө ашкере байлыктын белгиси болуп саналган устрица дайым эле бардарлар тамшана таткан даам эмес болчу.

XIX кылымдын башында устрица картошка сымал эле арзан эле, карапайым калк тамактанган кадыресе азык боло турган. Ушунчалык көп болгондуктан, аны унга аралаштырып нан да жабышкан. Бирок чектен чыккан өндүрүш көлөмү жана курчап турган чөйрөнүн ашкере булганышы устрицанын запасына кескин кесепети тийди, ал эми анын таңсыктыгы баасын абдан асмандаткан.

Алардын наркы дүйнөнүн ар кыл ресторандарында ар бөлөк, бирок бул кымындай моллюсканын он даанасын Лондондогу эң мыкты ресторандардын биринде сиз 65 долларга жей аласыз. Даңкы чыккан Боро базарында устрицанын кагаз табакка салынган 8 даанасын 10 фунтка (13 долларга) сатып алууга болот, бирок түртмөлөшкөн кезек менен гана жетесиз. Жээкте андан да арзан, бирок баары бир жеткиликтүү азык деп атоого болбойт.

4. Ак трюфель (козу карындын түрү)

© Sputnik / Валерий Левитин / Медиабанкка өтүүАк трюфель
VI Ежегодный благотворительный ужин Белый трюфель - Sputnik Кыргызстан
Ак трюфель
Мынча жогору бааланган ак трюфель дүйнөдөгү жер алдындагы сейрек козу карындын бир түрү, аны табыш кыйын. Бул азык тек гана Италиянын түндүгүндөгү Пьемонт аймагында айрым дарактардын тамырынын арасында өсөт. Ак трюфель башка түрлөрүнө караганда өтө сейрек кездешет.

Ежегодный пикник фудтраков - Sputnik Кыргызстан
Ысыктын күнүндө тамак-ашка ууланбаш үчүн эмне кылуу керек. Министрликтен кеңеш
Козу карындын мындай ак сортунун даамы да, жыты да өзгөчө, бул анын артыкчылыгын ого бетер арттырат. Аларды арбытып өстүрүү же жасалма шартта алуу мүмкүн эмес, адамдар кылымдар бою трюфелди айдоого аракет кылышкан, бирок мурдагыдай эле аны жапайы жаратылыштан гана алууга болот.

Жыйноого көп мээнет жумшалышы менен катар дал ушул кайталангыстыгы да кымбаттыгынын себеби болуп саналат.

2007-жылы бир ак трюфелди түшкө кирбегендей баада Макаодогу казинонун кожоюну Стэнли Хо сатып алган. Ал киши бир даанасына 330 миң доллар төлөгөн, ошол наркы бийик ак трюфелдин соңку он жылдыкта табылгандарынын эң көлөмдүүсү 1,5 килограмм салмакта болгон. Бул жер алдында өскөн козу карын үчүн болуп көрбөгөндөй баа.

5. Иберия хамону

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүХамон эти
Гастрономический фестиваль Фуд шоу - Sputnik Кыргызстан
Хамон эти
Мунун хамон жана ибериялык хамон деген да түрү бар.

Сүрсүтүлгөн эттин бул түрү Испания жана Португалиянын аймагындагы анык бир райондордо гана өндүрүлөт. Ал жактарда эмен токойлорунда ибериялык доңуздар жашайт (же табиятта аргындашкан, кеминде, жарым-жартылай ибериялык доңуз тукуму). Ал район Дехеза деп аталат. Анда доңуздар союлганга чейин эркин оттоп, тек гана эмен дарагынын уругунан тата ырахат алышат.

Ибериялык хамондун түргө бөлүнүшү абдан катаал: "кара белги" менен белгиленген хамон эң мыкты деп эсептелип, таза кандуу ибериялык доңуздун этинен өндүрүлөт.

Андан тышкары, кургатуунун өзгөчө шарттарында 36 ай, кээде 48 айга чейин сүрсүтүлөт.

Гиннестин рекорддор китебиндеги маалыматтарга таянсак, эң кымбат хамон (чочконун саны — жото жилиги) ибериялык "Manchado de Jabugo" сорту 4080 долларга сатылат.

Бирок бул баа чочколордун үч жыл гана өстүрүлүп, сан эти дагы төрт жылга чукул кургатыларын эске алганда көп деле эмес деп эсептелет.

6. Вагю уй эти

CC BY 2.0 / tc_manasan / Japan2015_Kobe-BeefТуздалган вагю уй эти
Говядина Вагю - Sputnik Кыргызстан
Туздалган вагю уй эти
Wagyu — "япон уй эти" деп гана которулат, бирок ал япониялык уйлардын төрт гана түрүнөн алынат. Эт майы менен өтө аралашкандыктан, аны даярдоодо стейкти абдан жумшак жана чыктуу кылат. Эт оозго салса эрийт.

Мындай этти жактыргандар аны үбөлөнгөн жумшак балык этине окшоштурушат.

Кымбат баасы өстүрүү процессине байланыштуу, Вагю сортун алуу үчүн уйлар катаал эреже менен багылат, музоолоруна да атайын жем берилет.

Мындай уй этинин бир килосу Японияда 640 доллардан сатылышы ыктымал.

7. Лювак кофеси (копи лювак)

Негизи бул тамак эмес, суусундук, бирок лювак кофесинин килосу жети жүз долларды чапчыйт, демек бул тизмеден орун алууга толук акысы бар.

Лимон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америкалык балдар лимонад сатып, батирлүү болгон
Лювак кофеси же циветт кофеси азиялык пальма циветтасы (суусар) жеп, ичте жарым-жартылай иштетилгенден кийинки тезеги менен түшкөн кофе дандарынан өндүрүлөт.

Табитти бир аз качырат. Бирок бул жаныбардын ашказанынын кычкылы кофенин даамын арттырат, анткени ичте иштетилиши, ачытылышы кофе буурчактарына бөтөнчө бир даам, өзгөчөлүк кошору туурасында пикирлер бар. Балким, бул тек гана амалдыр, эспрессо андан өтө начар чыгар, бирок муну так билүү үчүн суусундуктан татып көрүш керек.

Бир кайгылуу нерсе бар. Байкуш циветтерге убал: жаныбарлар атайын фермаларда байма-бай өстүрүлүп, жумуртка берген тоок сымал капастарда кармалат. Алар кофе дандары менен мажбурлай азыктандырылат.

8. Фуа-гра

Foie gras — өрдөк же каз боорунан жасалчу эң кымбат паштет. Бул багыттагы канаттуулар аябагандай чоң өлчөмгө — адаттагыдан он эсе чоң көлөмгө чейин өстүрүлөт.

Натыйжада паштеттин жыты буркурай, майлуу жана жумшак чыгат.

Буурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Россиядагы эң өтүмдүү азыгы белгилүү болду
Тамакты таптай ичкендер бул чүйгүн тамакка асмандын башын төлөгөнүнө да кайыл. Бирок майлуу боорду алуу үчүн каз жана өрдөктөрдү тамактандырчу түтүк аркылуу жүгөрү данын беришет.

Мындай тажрыйбанын жаралганына төрт жарым миң жыл толду. Ал убакта байыркы мисирликтер жасалма жол менен жем берүүдө көптөгөн канаттуулардын этинин даамы алда канча артарын байкашкан.

Бүгүнкү күндө көп өлкөлөрдө бул тажрыйба, фуа-гра өндүрүшү, импорт же сатык мыйзам менен бөгөттөлөт, бирок бул азык дале сүймөнчүк бойдон калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0