БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Канадалык Сьюзен аттуу кыз коноктор 1,5 миң доллардан чогултуп бербей койгондугу үчүн өзүнүн үлпөт тоюн токтотуп салды. Бул тууралуу The Mirror басымласы жазды.
Ал бир топ жылдан бери ири той өткөрөм деп каражат чогултуп, анысы 15 миң долларга жеткен. Бирок өзү 60 миң долларды чапчыган тойду каалап жүргөн.
"Мындан улам Сьюзен чакырган конокторуна белек катары 1,5 миң доллардан белек алып келгиле деп "тапшырма" берген. Коноктордун көбү буга макул болбой койгондуктан, төрт күн калганда тойду токтотуп койду", — деп жазылат макалада.
Ошондой эле Сьюзен "белекти" алдын ала берип койгон айрым коноктордун акчасын кайтарып бергендин ордуна Африкага саякатка кетип калды. Бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына "чыккынчылардан жан дүйнөмдү тазалап келишим керек" деп жазып койгон.