АКШнын Россияга каршы жаңы санкциялары күчүнө кирди

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы санкцияга ылайык, АКШ мындан ары Россияга эч кандай колдоо көрсөтпөйт.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. АКШнын Солсберидеги окуя боюнча Россияга каршы санкциясы Вашингтондун убактысы боюнча саат 00:00дө (Бишкек убактысы боюнча 10:00) күчүнө кирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин тийиштүү буйругу жума күнү Федералдык регистрге жайгаштырылып, расмий түрдө дем алыш күндөрү жарыяланды.

"Буйрук 27-августта күчүнө кирет", — деп документте көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, өзгөчө кырдаал болуп кетип эле тез арада гуманитардык жардам керектелбесе, башка учурларда Америкадан Россияга эч кандай колдоо көрсөтүлбөйт.

Тагыраагы, Мамлекеттик департамент Россиянын мамлекеттик компанияларына америкалык курал-жарак менен эки багыттуу продукцияларды экспорттоого тыюу салат. Мындан сырткары, бардык америкалык мекемелер россиялыктарга насыя берүү (бардык түрүнө), насыя кепилдиги сыяктуу финансылык колдоо көрсөтпөй турган болду.

Мындан дагы катуураак санкция ноябрь айында киргизилиши ыктымал: бул учурда россиялык юридикалык жактарды насыялоого, товарларды экспорттого жана импорттоого бөгөт коюлат.

Россиянын позициясы

АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп Путин баштаган президенттер менен эмнеге жолугуп жүргөнүн айтты
РФ президенти Владимир Путин буга чейин жаңы санкциялардан эч кандай майнап чыкпастыгын билдирген. Ал ошондой эле АКШ мындай саясаттын келечеги жок экенин сезип, Москва менен кызматташууда жаңы деңгээлге чыгарына үмүт артарын кошумчалаган.

Солсберидеги окуя

4-мартта Солсбери аймагында Башкы чалгындоо башкармалыгынын мурдагы полковниги, Британиянын атайын кызматы менен иштешкен Сергей Скрипаль менен кызы Юлия ууландырылган. Расмий Лондон бул иштин артында Москва турганын айтып, каршылык катары РФтин дипломаттарын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Москва мындай айыптоолорду четке кагып, биргеликте иликтөө жүргүзүүнү сунуштаган, бирок Лондон буга макул болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0