Өлгөн тууганынын мүлкүнө ээ болом деген киши 8 миң евросун алдатып ийди

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүДенежные купюры: евро и доллары США.
Денежные купюры: евро и доллары США. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Белоруссияда болгон. Жабырлануучуга белгисиз бирөө телефон чалып анын алысыраак тууганы 36 миллион евро мурас калтырып кеткенин айткан.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Белоруссиянын Гродно шаарынын тургуну бирөөнүн мурасын чегерип берем дегендерге ишенип сегиз миң евро акчасынан кол жууп, сызга отуруп калды. Бул туурасында Sputnik Белоруссия агенттиги укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.

Жабырлануучуга белгисиз бирөө телефон чалып анын алысыраак тууганы Испанияда каза болуп, ага 36 миллион евро өлчөмүндөгү мурас калтырып кеткенин айткан. Аны чегерип алууга тийиштүү документтерди чогултуу жана баштапкы төлөм үчүн азыраак акча керектелет деп ишендирген.

"Бир нече убакыттан кийин өзүн мурас тууралуу айткандардын адвокатымын деп тааныштырган киши чалып, Португалиянын аймагындагы банкка акча которууну сураган. Ал жакка которсо пайызы жок болорун түшүндүргөн. Белоруссиянын жараны аларга ишенип сегиз миң евро жөнөтүп иет. Андан соң "мурасчылар" менен байланыш үзүлүп калган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда укук коргоо органдары аталган кылмышты териштирип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0