Британиялык аял кемеден кулап, сууда 10 саат сүзүп жүргөн

© REUTERS / StringerСтюардесса из Великобритании Кэй Лонгстафф
Стюардесса из Великобритании Кэй Лонгстафф - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар барганда аял аман-эсен керек болсо күүлүү-күчтүү абалда болгон.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Улуу Британиялык стюардесса Кэй Лонгстафф жүрүп бараткан круиздик лайнерден кулап кетип, сууда он сааттай сүзүп жүргөн. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги The Sun басылмасына шилтеме берип жазды.

Лонгстафф өзүнүн жигити менен Norwegian Cruise Line компаниясынын кемеси менен Хорватиядан Италияга сапар алган. Күндөрдүн биринде ал 20 метрлик бийиктиктен деңизге кулап түшкөн.

Сахалин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Сахалинде кызды куткарам деп каза болгон кыргыз жигитке сыйлык ыйгарат
Хорватиянын Деңиз, транспорт жана инфраструктура министрлиги видео көзмөлдөөнү карап чыгып, окуя болгон жерди аныктай алган. Куткаруучулар жерине барганда аял аман-эсен керек болсо күүлүү-күчтүү абалда болгон.

Лонгстаффдын айтымында, муздак сууда 10 саат кармалууга йога менен машыккандыгы жардам берген. Ал ошондой эле уктап калбаш үчүн ырдап жүргөнүн билдирген.

Куткаруу иштеринен кийин аял ооруканага жаткырылган, учурда абалы жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0