Өлкөнүн түндүгүн түшүрүү. XXI кылымдагы президенттерге кол салуулар

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүБои за город Шахтерск Донецкой области
Бои за город Шахтерск Донецкой области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байыртан биздин күндөргө чейинки мамлекет лидерлери жан кыйгычтардын башкы бутасында. Кол салуулар күтүүсүз да, ошондой эле абдан тыкыр пландалган да болот. Саясий өкүлдөргө кол салуу аракеттеринин коомчулукка эң белгилүүлөрү Sputnik агенттигинин материалында.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. 4-августта Каракастагы парад маалында Венесуэла президенти Николас Мадуронун өмүрүнө кол салынды. Белгилүү саясатчыларга кол салуулар туурасында Sputnik Белоруссиянын түрмөгүнөн окуңуздар. 

Дрон vs Николас Мадуро

​Латын америкалык республиканын лидерине быйылкы жылдын 4-августунда дрондун (бийиктен тасма тартуучу аппараттар) жардамы менен кол салынды. Николас Мадурого кара санагандар жардыруучу заттарды пайдаланган.

Жардыруу Венесуэланын борбору Каракастагы парад маалында болуп, окуя түз эфирге түшүп калган. Венесуэла президенти жабыр тартпаса да гвардиячылардын бир нечеси аз-маз жаракат алган.

Кол салууну уюштурууга венесуэлалык лидер Колумбия жана АКШны айыптап чыкты. Богота жана Вашингтондун өкүлдөрү бул окуяга тиешеси жоктугун айтууда. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрү боюнча күнөөнү "Фланелдик жоокерлер" көтөрүлүшчүлөр кыймылы мойнуна алган.

"Крокодил" жана граната

Быйыл июндагы Зимбабве африкалык улуттук биримдиги — Патриоттук фронттун митинги өтүп жаткан маалда президенттин милдетин аткаруучу Эммерсон Мнангагвага кол салынган.

Саясатчы, Зимбабведе "Крокодил" каймана аты менен белгилүү бул кишиге өлкөнүн баш калаасы Булавайодо стадионунда граната ыргытышкан. Жардыруудан 49га чукул киши жабырланган. Алардын арасында вице-президент Константин Чивенга, Кембо Мохади жана башка жогорку кызматтагы аткаминерлер да бар. Коопсуздук кызматынын эки агенти алган жараатынан каза тапкан.

Кол салуудан соң Мнангагва өлкөнүн мурдагы биринчи айымы Грейс Мугабенин G40 фракциясын күнөөлөп чыккан. Атайын кызмат шектүү кишини кармаганы белгилүү, бирок полиция кызматкерлери аны суракка да ала алышкан эмес.

Жолдуу Эрдоган

Түркия Республикасынын башчысы Режеп Тайип Эрдоган Стамбул мэрлигин аркалап турганда белгилүү саясатчыга айланган. Ошол себептен өлкө лидери катары ишке киргенден тарта ал үчүн Түркиянын борборундагы митингдер дайым өзгөчө орунга ээ болгону менен ага белгилүүлүк алып келген калаадагы акцияларга да маани бербей койчу эмес.

Тапанча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мексикада шайлоо алдындагы үгүт учурунда 520дан ашык саясатчы өлтүрүлгөн
2015-жылдын көктөмүндө Эрдоган башкаруучу Акыйкат жана өнүктүрүү партиясынын саясий акциясына катышып жаткан. Ошол маалда Түркиянын премьер-министринин машинасына колго жасалган тапанча менен куралданган Ферхат Йылдыз жакындоого аракет кылган.

Эрдоган чогулган калк менен саламдашып жатканда кылмышкер ага ок чыгарууга камынат, бирок тапанча атылбай калып, премьер-министрдин кароолу курчап калган. 2015-жылдын апрелинде Йылдыз 11 жылга кесилген.

2016-жылдын июлундагы аскердик көңтөрүштө да Режеп Тайип Эрдоган козголоңчулардын курмандыгы болуп калмак. Алар Мармаристеги түрк саясатчысы эс алган мейманканага кол салышкан. Андан бир аз убакыт мурун эле премьер-министр курорттон чыгып кеткен болчу. Аскерлер менен тиреште мейманкананын эки кароолчусу каза тапкан. Премьерге кол салган аскерлер соттун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылды.

Меккеден келе жатып…

Мальдив аралдарынын президенти Абдулла Ямин 2015-жылдын сентябрында мусулмандык бир парзын аткаруу үчүн Меккеге ажылыкка аттанып, Сауд Аравиясына барган.

Өз өлкөсүнүн борбор шаары Малеге кайтууга ал 28-сентябрда катерде бет алган. Жарылуу дээрлик Мальдив аралдарынын жээгинде болгон.

Кол салуудан мамлекет башчысы жабыр тарткан эмес, Абдулла Яминди коштоп барган жубайы жана жардамчысы жеңил жаракат алган.

Өлкө бийлиги ал окуяны теракт катары баалаган. Иликтөөнүн жүрүшүндө терактыны даярдоого айыптуу деп эки аскер камакка алынган.

Жанкечти vs Бхутто

Мусулман өлкөнүн тарыхындагы алгачкы аял премьер-министр Беназир Бхутто Пакистандын мамлекет жетекчилеринин биринчи катарынан эки ирет орун гана албастан, сот куугунтугуна кабылып, атургай, өлкөдөн качууга да аргасыз болгон.

Жарылуу болгон жердеги милиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги жарылуу. Россиялык бизнесменге кол салуу боюнча кылмыш иши козголду
2007-жылы Исламабадга кайтканында Пакистандагы саясий процесстерге дароо аралаша ошол кездеги президент Первез Мушараф менен катуу тиреше баштаган. Айым саясатчы аскердик элита жана коопсуздук жаатындагы башкаруу чөйрөсүнүн дайымкы тарапкери болуп саналып, өлкө турмушуна диндин таасирин чектөөнү каалап келген.

Мурдагы премьер-министрге 2007-жылдын октябрында кол салынган. Анда Бхутто жабыркаган эмес, бирок жарылуудан кеминде 130 киши каза таап, дагы 500дөй киши жаракат алган.

Экинчи террордук акт 27-декабрда жасалган. Жанкечти митинг маалында Беназир Бхуттого эки ирет ок чыгарып, жардыргыч затты иштеткен. Пакистандын тарыхындагы биринчи аял премьер-министр ооруканада эсине келбестен көз жумган.

Пакистандын лидери кылмышка катыштыгы барларды табууну убада кылган. Бирок 2013-жылдын августунда мурдагы президент Мушараф киши өлтүрүүгө өзү күнөөлөнгөн. Ал азыркы тапта абакта жатат.

Басктар vs Испаниянын королу

ETA баск сепаратисттеринин террордук тобу түзүлгөндөн бери бир нече ирет Испаниянын королу Хуан Карлос I өлтүрүүгө аракет кылган.

АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп "Аллаху Акбар" деген кыйкырыктан коркуп кеттиби? Видеонун чоо-жайы
2004-жылы бул максатын ишке ашыруу үчүн Пиреней жарым аралынан асмандан №1 бортту атып түшүрүү үчүн "жер – аба" классындагы ракетаны пайдалангысы келген.

Франциянын атайын кызматы Испания менен чектешкен жерден анча ыраак эмес Сан-Мишель шаарындагы ЕТА активисттеринин биринин үйүн тинтүүдө табылган материалдарды чечмелей алган. Атайын кызмат "жер – аба" ракетасынын бөлүктөрүн тапкан. Адистердин айтымында, алар ЕТАнын согушкерлери үчүн машыктыруучу материал катары пайдаланылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0