АКШ: бир оорукананын 16 медайымы бир учурда кош бойлуу болуп калган. Видео

Жазылуу
Оорукана 16 медайымды бир учурда декреттик өргүүгө жибере турган болду, эми алар кадрдык каатчылыктан чочулап турган кези.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Американын Аризона штатында бир оорукананын медайымдары бир учурда жапырт төрөй турган болду деп билдирди CNN телеканалы.

Маалыматка караганда, алар тез жардам көрсөтүп, дарылоочу бөлүмдүн кызматкерлери.

Келиндер бир ооздон сүйлөшүп алган эместигин, болгону аларды кош кабат болгону бир учурга туш келип калгандыгын айтышкан.

Болочок энелер мындай суроого тамаша менен жооп беришкен.

"Кыязы суу таасир берди окшойт, себеби баарыбыз иште бир суудан ичет эмеспизби", — деп күлдүрүшкөн алар.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта дарыгердин шалаакылыгынан келиндин боюнан түштүбү? Окуянын чоо-жайы
Медициналык борбордун администрациясы кош кабат кызматкерлери үчүн ашканадагы тамактын рационун атайын иштеп чыккан. Эми медайымдар төрөгөнчө химиятерапия кылбайт жана кургак учук менен ооругандарды тейлебейт.

Маалыматта алардын бардыгын октябрдан январга чейин төрөп бүтүшөрү айтылган. Андан соң энелер 12 жумага декреттик өргүүгө кете тургандыктан, кадрдык каатчылык жаралары кошумчаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0