АКШлык пенсионерге көлдө жоготкон шакегин 45 жылдан кийин таап беришти

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЦыганская свадьба в Новгородской области
Цыганская свадьба в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шакектин ээси 1971-жылы суу үстүндө лыжа тээп жатып буюмун түшүрүп алган.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. АКШда 70 жаштагы пенсионерге 45 жыл мурда көлдөн жоготкон алтын шакегин кайтарып беришти. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.

Америкалык жубайлар металлодетектордун жардамы менен суунун түбүнөн ысымы жазылган шакекти таап алышкан. Табылганын ээси Facebook тармагы аркылуу изделген.

Клад монет на выставке в ГИМ - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүм Балтика көлүнөн миң жыл мурунку кенчтин табылышына себепкер болду
Көп өтпөй ээси табылып, 70 жаштагы Гленн Пелрин экени белгилүү болгон. Ал шакекти 1971-жылы Франклин институтун аяктаганда 200 долларга сатып алган экен. Эки жылдан кийин Миддлборо курортунда суу үстүндө лыжа тээп жатып түшүрүп алганын айткан.

Пелрин шакегин жоготкондон кийин көпкө чейин кыйналып жүргөнүн айтып берген. Ошентип ал 45 жылдан кийин шакегин кайра колуна тага алды. Муну сыйкырдуу окуя деп атап, өзүн ооматтуу деп сыпаттаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0