Forbes журналы бир жылда эң көп акча тапкан актрисаны атады

© AP Photo / Matt Sayles/Invision/APАмерикалык актриса Скарлетт Йоханссон. Архив
Америкалык актриса Скарлетт Йоханссон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи сапта Анжелина Жоли турат, ал бир жылда 28 миллион доллар тапкан.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Forbes журналы эң бай актриса деп америкалык Скарлетт Йоханссонду атады. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

© AFP / TIZIANA FABIАмериканская актриса Скарлетт Йоханссон
Американская актриса Скарлетт Йоханссон - Sputnik Кыргызстан
Американская актриса Скарлетт Йоханссон

Ал 2017-жылдын июнь айынан тарта 2018-жылдын июнь айына чейин 40,5 миллион доллар тапкан. Йоханссон "Кара жесир" (Черная вдова) тасмасындагы орус тыңчысынын ролунан төрт эсе пайда көрө алган.

Визит президента РФ В. Путина во Вьетнам для участия в саммите АТЭС - Sputnik Кыргызстан
Forbes журналы дүйнөнүн эң таасирдүү лидерин атады
Экинчи сапта "Малефисента-2" тасмасы менен Анжелина Жоли турат, ал 28 миллион доллар киреше көргөн. "Достор" телесериалынын жылдызы Дженнифер Энистон тескерисинче бир тепкичке ыйдыйлап, үчүнчү орунга түшүп калды. Анын кирешеси 19,5 миллион долларга бааланды. Алдыңкы беш сапты Дженнифер Лоуренс менен Риз Уизерспун толуктады.

2017-жылы биринчи орунду "Ла-Ла-Ленд" тасмасында роль жараткан америкалык актриса Эмма Стоун алган болчу. Жыл ичинде ал 26 миллион доллар тапкан. Агезде Йоханссон алдыңкы бештикке да кирген эмес.

2016-жылы Forbes журналы актрисаны тасмасына эл көп барган актерлордун сап башына чыгарган. Ал тартылган фильмдер кинотеатрларга 1,2 миллиард доллар пайда түшүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0