Интернеттен таанышуунун мыкты ыкмасы аталды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүНоутбукта иштеп жаткан кыз. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер таанышуу сайтындагы 200 кишинин жүрүм-турумуна көз салып, анан корутунду чыгарган.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар интернеттен таанышуунун эң ыңгайлуу ыкмасын аныктап чыкканын "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Аялдын же эркектин көңүлүн буруу үчүн кыска жана урунттуу билдирүүлөрдү жиберүү керек.

Проблема лишнего веса в Китае - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар интернеттин уйкуга кандай таасир берерин изилдеп чыкты
Илимпоздор таанышуу сайттарына кирген 200 адамдын жүрүм-турумуна көз салган. Эксперименттин катышуучуларынын баары өмүрлүк жар издегени айтылат.

Натыйжада адамдар көбүнесе анча узун эмес жана эмоциясы азыраак каттарга жооп беришкен. Аларга карап окумуштуулар 50 жаштагы эркектерге, 18 жаштагы кыздарга "суроо-талап" күч экенин аныктап чыгышкан.

Буга кошумча таанышуу сайттарына кирген адамдар өз артыкчылыгы менен кемчилигин жакшы билери, мындан улам өзүнө окшош киши издей турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0