Японияда май айынан бери ысыктан 144 адам көз жумду

© REUTERS / Issei Kato / File PhotoЖара в Японии
Жара в Японии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жумадан бери алты адам каза таап, 7079 кишинин мээсине күн өтүп ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Японияда 30-апрелден бери ысыкты көтөрө албай 144 адам көз жумду. Мындан башка дагы 70 миңден ашык адам ооруканага түшкөн. Мындай статистиканы өлкөнүн Өрт коопсуздугу башкармалыгы (Тез жардам кызматы аталган башкармалыкка карайт) бергенин РИА Новости жазды. 

Маалыматка караганда, бир жумадан бери, тагыраагы 6-августтан тарта алты адам каза таап, 7079 кишинин мээсине күн өтүп ооруканага жаткырылган.

"Өлкөнүн бардык аймактарындагы ысыктан жабыркагандардын санынкөбөйүүдө. Термометрдин көрсөткүчү 40 градустан ашып кеткени тууралуу маалымат өлкөнүн чар тарабынан дээрлик күн сайын түшүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 14-августта, Фукуока менен Хиросимада аба ырайы 37 градуска жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0