Санкт-Петербургда Ноокаттан барган 21 жаштагы жигит сууга чөгүп каза тапты

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПарк культуры и отдыха имени С.М. Кирова в Санкт-Петербурге
Парк культуры и отдыха имени С.М. Кирова в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жүк-200" Ош шаарына бүгүн, 14-августта жөнөтүлөт.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарындагы Француздар районунда жайгашкан Интернационал паркындагы көлмөгө 21 жаштагы жигит чөгүп кетип каза болду. Маалыматты Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тастыктады.

Белгилей кетсек, кечээ 13-августта бир катар россиялык ЖМКлар сейил бактагы көлмөгө адам чөгүп кеткенин жазып чыгышкан.

Билдирмеге караганда, маркум өлкөгө Ош облусуна караштуу Ноокат районунан барган. Кырсык ал сейил бакта достору менен эс алып жүргөндө болгон.

"Каза болгон жигиттин атасына сөөктү жөнөтүүгө тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө. Ал диаспора активистинин коштоосу менен моргго барып, керектүү документтерди топтоту", — деп айтылат маалыматта.

"Жүк-200" Ош шаарына бүгүн, 14-августта жөнөтүлөт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги сууга чөккөн адамга биринчи жардам кантип көрсөтүлүшү керектиги боюнча видео материал сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0